Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусуАксы району 08.10.2015 08:45

Айыл турмушу: Аксынын тургуну 60 миң сомго бааланып, 70 кг эт берген «гиссар» породасындагы койлорду багууда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Атана айылынын тургуну Эдил Раманкулов 4 жылдан бери «гиссар» породасындагы койлорду багып, учурда анын санын 90го жеткирди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Э.Раманкуловдун айтымында, эл багып жаткан кадимки койдун кочкору 30 килограмм эт берсе, «гиссар» породасындагы койлордун кочкору 70 килограмм эт берет.

«Учурда Аксы районунун аймагында «гиссар» койлору базарда 20-25 миң сомго бааланууда. Өткөн жылы «гиссар» кочкордун эң чоңун 60 миң сомго баалашкан. Бирок, сатпай койгом», - дейт Э.Раманкулов.

Ошондой эле, ал Кош-Дөбө айылынын элине мал багууда сандан сапатка өтүүнү жайылтууга аракет кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×