Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 07.10.2015 14:16

Айыл турмушу: Таластык ишкер Д.Сартов жыгач тилүүчү ишкана ачып, 3 айылдын элине кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын тургуну Данияр Сартов жыгач тилүүчү ишкана ачып, 3 айылдын тургундарына кызмат көрсөтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Д.Сартовдун айтымында, ал жыгач тилүүчү ишканасын мындан 3 жыл мурун ачкан.

«Буга чейин Козучак, Арашан жана Балбал айылдарынын тургундары курулушка керектүү болгон жыгачтарды Талас шаарындагы жыгач тилүүчү ишканаларга алып барып, тилдирип турушчу. Тургундардын суроо-талабы күч болгондуктан, ишкана ачууну чечтим. Мындагы станокту коңшу Жалал-Абад облусунан алып келдим», - дейт ал.

Ишкердин айтымында, жыгачтарды тилүү акысы арзан, тургундардын капчыгына оорчулук алып келбейт.

Бул ишкерлик менен ал бир гана үй-бүлөлүк бюджетин толуктабастан, айылдын бюджетине да салык төлөп турат.

«Мындай ишкерлерге жергиликтүү бийлик жардам берип, төлөнүүчү салыктын санын азайтып берсе, ишкерлердин саны өсөт эле», - дешет жергиликтүү тургундар.

Эми ишкер жыгач тилүүчү ишканасын чоңойтуп, эмеректерди дагы жасоону пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×