Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 06.10.2015 17:02

Айыл турмушу: Бөдөнө багуунун жолун интернеттен үйрөнгөн таластык ишкер Б.Абдылдаев киреше алууну баштады (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын тургуну Бактыгул Абдылдаев бөдөнө багуу менен киреше табууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Абдылдаевдин айтымында, анын бөдөнө бакканына быйыл 1 жыл болду.

«Бөдөнө багып, ишкерлик кылуу тууралуу интернеттен көрүп, кызыгуу жаралган. Ушул жылдын март айында Чүй облусунан 80 бөдөнө алып келгем. Ар бир бөдөнөнү 250 сомдон сатып алгам. Аларды алгач короонун бир бурчун жылуулап, атайын жайга бактым. Мындагы бөдөнөлөр 7-8 айдан кийин жумуртка бербей калат. Алар эт багытында сатылат», - дейт Б.Абдылдаев.

Ошондой эле, ал бөдөнөнүн жумурткасын инкубаторго бастырып, жөжөлөрүн чыгарып, аларды өзүнчө жайга багып жаткандыгын белгиледи.

«Бөдөнөлөр туура 1,5 айдан кийин жумуртка бере баштайт. Жумуртка берүүчү бөдөнөлөр менен эт багытындагы бөдөнөлөр өзүнчө багылат. Быйылкы жылдын жай айларында 50-60ка жакын жумуртка алдык. Бүгүнкү күндө 30-40ка жакын жумуртка алабыз. Бөдөнөлөргө атайын жем берилет. Бөдөнөнү багууда бөлмө 18 градуста жылуу болушу керек», - дейт ишкер.

Мындан тышкары, ал бөдөнөнүн эти менен жумурткасы адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу экендигин да белгиледи.

«Учурда жумуртка бербей калган бөдөнөлөргө буюртмалар арбын келүүдө. Жумурткалар да келишим түзүлгөн Талас шаарындагы ири дүкөндөргө  сатыкка чыгарылат. Бир жумуртканын баасы 5 сомду түзсө, бир бөдөнөнүн эти 250 сомдон сатылат», - деди Б.Абдылдаев.

Ишкер мындан тышкары, кыш мезгилинде эс алуучу муз аянтчасы менен киреше тапса, эми чарбагына күнөскана курууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×