Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуТүп району 06.10.2015 12:36

Айыл турмушу: Түптөгү жайлоодо мал баккан Ж.Ракымбаев кызы менен күнүнө 20 литр кымыз, 40-50 литр сүт сатып өткөрдү

Turmush -  Жайлоодо мал багып жүрүп күнүнө 20 литрден кымыз, 40-50 литрден сүт сатып өткөрдүк, дейт Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургуну Жеңиш Ракымбаев.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, анын малчылык кесипте эмгектенип келатканына 30 жылдын жүзү болду. Жаш кезде колхоздун коюн багып, фермада саан уйларды баккан. Кийин кайра куруу башталгандан бери элдин жеке менчик малын багып келет.

Быйыл да ал айылдаштарынын уй, жылкысын алып, жайлоого чыгып келген.

«Жайлоодо мал баккандан сырткары да түйшүк көп. Жылкы байлап, саачубуз. Мен байлап, кармап берем, 9-класста окуган кызым Ажар саайт.

Уйларды да сааган ушул кызым. Сүттү атайын заводдордун өкүлдөрү келип алып кетишет. Бир литрин 9 сомдон өткөрөбүз. Сүттүн баасы арзан болуп, эмгегибиз кайтпайт. Кымбат болсо ошончолук пайда түшмөк. Күнүнө 50 литрге чейин өткөргөндө деле жай бою бир топ каражат таап алабыз. Кымызды шаардан келип 35 сомдон алышат. Күнүнө 20 литрден өткөрүп жаттык. Айылдан алыс жерде да пайда табууга болот. Ошол жерде курут жасап саткандар да болду. Каймак, майын сатып киреше алгандар да арбын», - деди Ж.Ракымбаев.

hfrsv,ftd

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×