Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуКочкор району 06.10.2015 11:50

Айыл турмушу: Тубаса 2 буту майып Нургазыны 10 жылдан бери мектепке жеткирген майып арабасы квадроциклге алмаштырылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Эпкин айылынын 18 жаштагы тургуну Нургазы Жакшылыкбек уулу 2 буту баспаганына карабай Асранбек Маткеримов атындагы орто мектептин 10-классында окуусун улантууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Нургазыга «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан мектепке барууга ыңгайлуу 4 дөңгөлөктүү квадроцикл тапшырылды. Нургазынын учурда сүйүнүчү койнуна батпай турган чагы. Анткени мектептен билим алууга жакшы шарт түзүлдү.

Мурда эски майып араба менен инилерине, досторуна сүйрөтүп алып мектепке барып келсе, эми өз алдынча эле жаңы унаасы менен көчөгө чыгат. Квадроцикл күйүүчү май менен жүрүп, 100 чакырым жерге 3 литр май сарптайт.

Нургазынын айтымында, ал 4 бир туугандын эң улуусу, кичинекей кезинен буту баспайт. Учурда ата-энеси жана бир туугандары менен айылда жашайт.

«Мага жардам бергендер көп эле болот. Ден соолугуман мүмкүнчүлүгүм чектелүү болсо да терең билим алып, келечекте элиме кызмат кылсам дейм.

Мага окшогон адамдарга колдоо көрсөтүп жардам бергим келет. Келечекте өзүмө ыңгайлуу жумуш таап иштеп, окугум келет. Мектепте 1-класстан баштап эле окуп келе жатам. Бирок өзүмдөн 2 жаш кичүүлөр менен окуйм. Учурда компьютерге кызыгып жүрөм. Үйүмдө компьютер болгондо заманбап техниканы да колдонгонду үйрөнүп, көп маалыматтарды алат элем», - дейт Нургазы.

Ал өткөн жылы «Мен бийчимин» сынагына катышып 1-орунду алган.

Нургазыга жардам берүүнү каалаган мекендештер аны менен Turmush басылмасы аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×