Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 06.10.2015 12:00

Айыл турмушу: Баласын кучагына алган энелердин сүрөттөрүн тартууну жактырган 74 жаштагы сүрөтчүнүн эмгектери (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы У.Салиева айылынын тургуну Абдрахман Эргешов 50 жылдан ашуун сүрөтчүлүк өнөр менен алектенип келет. Өз өмүрүнүн жарымынан көбүн сүрөтчүлүккө арнаган инсандын эмгектери ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан бааланган эмес.

Сүрөтчүнүн өнөрканасынан пейзаж, портрет, «Түбөлүктүү эне» темасындагы сүрөттөрдү кездештирүүгө болот. Анын  сүрөтчүлүккө болгон кызыгуусу бала кезинен тартып пайда болгон.  

«Мен 1-класстан тартып эле сүрөт тарта баштадым. Аскерден дагы бөлмөлөрдү мен кооздоп берчүмүн. Союз тараганга чейин малчылардын, тамекичилердин бардык тармак боюнча милдеттемелердеги лозунгдарды жазып берчүмүн. Сүрөтчүлүк боюнча эч жерге барып билим алган эмесмин», - деди ал.

Сүрөтчү чыгармачылык жолунда «Түбөлүктүү эне» темасына көп кайрылат. Чыгаан аялдардын катарын кайтыш болгон жубайынын сүрөтү да толуктаган. Эми анын эстелигин жасоону ниет кылууда. 

«Байбичемдин эстелигин жасоону ойлоп жатам. Ал да эне да.

Мен энелердин сүрөттөрүн көп тартам. Белгилүү аялдардын арасынан Курманжан датка, Уркуя Салиеванын сүрөттөрүн тарттым. Негизинен баласын кучагына алган энелердин сүрөттөрүн тартууну жактырам», - деди өнөр ээси.

Абдрахман Эргешов адам мүнөзүн, кыял жоруктарын, кайратын боёктор менен жеткире алган сүрөтчү гана эмес,  улуу инсандардын айкелдерин кийинки муунга чагылдырып берген скульптор. Жашы өткөн сайын сүрөтчү экинчи канаты сымал скульптор жасоого көп басым жасай баштаган.

«Талантың болгондон кийин баардыгына бирдей эле карайт экенсиң. Жашым улгайып бараткандан улам скульптурага көп көңүл бөлө баштадым.  Акыркы убакта убактымды айкел жасоо менен өткөрүп келем. Мыкты жасалган эстелик көп жылдар бою сакталып калат. Айылдагы мектептин жанына Уркуя Салиеванын,  Өзгөн районунун Салам-Алик айылындагы Райымбек Сатыбалдиевдин айкелдерин жасагам», - дейт ал.

Сүрөтчүнүн жашы 74тү таяп калса да, өз билгендерин, сүрөтчүлүктүн сырларын сүрөтчүлүккө ынтызар болгон балдарга үйрөтүп келет. Анын жолун  улуу баласы да жолдогон. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн искусствого арнап, элге  ак кызмат кылган сүрөтчүнү ушул маалга чейин эч ким мамлекеттик сыйлыктарга көргөзгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×