Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Ой-пикир: Эшегине жараша тушагы, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Ошентип туура 29 күн дүргүгөн абалда күн кечирген мүлдө Ала-Тоо жергесинде кел-кели келген чоң саясий өнөктүк соңуна чыгып, «той болоор, тойдун эртеси да болоор» жараянына кезек берди. Анткени өткөн сентябрь айында алакандай Кыргызстанга укмуштуудай май көл, сүт көл заманы орноп, жарандары 2020-жылга чейин эле кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда жашап калды. А бешенеде алдыдагы 5 жылда кыргыз эли, кыргызстандыктар чын эле гүлдөгөн өлкөнүн тургундары болушабы же куру кыялдын, ооз көптүргөн жалган убаданын, эки эмес сегиз жүздүү бултуңдоо жеке саясаттын курмандыктарына айланабы, аны албетте «улуу мезгил көрсөтөт».

Бирок жараткандын алдында эки ооз кеп менен баам салсак, анда негизинен талаптанган бардык партиялардын парламенттен мандат алуучу болочок депутаттардын жомоктогудай жашоо алып келе турган сөздөрүнүн 75%ы 5-октябрь күнү эле «өлүү кептерге» айланды. Эмне үчүн?

Эң биринчиси Жогорку Кеңештин депутаттыгына «кайран эл» же шайлоочулар тарабынан азыноолак добуш алган эл өкүлдөрүн албаганда, негизинен атамбаевдик жана бакиевдик партияларга, ошону менен катар айрым акаевдик кадрларга ишеним берилди. Бул жалпак тил менен айтканда «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген элдик улуу философиянын кайрадан кайталанышы. Бул алдыдагы 5 жылда абысындай аңдышкан көз караштардын өмүр сүрүшү. Себеби эки жерде эки төрт дегендей белгилүү.

Демек бир дагы партия башкаруучу жараянды аркалай албайт. Көпчүлүк тутумдукту алууга эч кур дебегенде үч партия бир күрмөнү жамынууга аргасыз. Натыйжада өкмөттүн курамын түзүүдө азыркыдай устукандарды бөлүштүрүүгө туура келет. Мындай шартта эч качан өкмөт туруктуу жана 5 жылдык мөөнөткө ырааттуу иштей албайт.

Албетте, мындай жагдайга бул жолку шайлоодо мурунку акаевдик, айрыкча бакиевдик бийлик учурларындай каалагандай шайлоо өткөрүү себепкер болгон жок. Учурдагы бийликтин чоң саясий эркти ишке ашырып, КМШ алкагында эң алгач биометриялык ыкмада жаңы нуктагы электрондук шайлоону киргизүүсү, шайлоонун таза өтүүсүн шарттагандыгын эл аралык баамчылар дагы моюндашты. Бирок тилекке каршы сырттагы шайлоо шарапаты дагы деле кыргызча өңүттө кала бергендиги ачыкталды.

Биринчиси, бийликтин басымы мурункудай ачык айкын болбогону менен, өз таасирин абдан эле көрсөттү.

Экинчиси «кайран элдин» айрым катмарларынын пулуң болсо кулуңмун күнкордугунан арылбагандыгы. Андайлар өз добуштарын акчага сатышты.

Үчүнчү шоркелдейлик кыргыздын канынан бүткөн кенебеген кайдыгерликтери. Натыйжада туугандык, тааныштык байланыштан улам кээ бир партиялар бир аймактан алдыңкы добушту алуу мүмкүнчүлүгүнө эгедерленишти.

Ошентип «кайран эл» беш жылдык болочок тагдырын алты партиянын колуна салып берди. Бирок эми баякы көнүмүш болгон: «Депутаттар жеп жатышат. Алар элди эч качан ойлошпойт», - деген жана башка наалыган сөздөрдү дагы 1825 күнгө чейин айтаарыбыз турат. 

Жазган: Күмөндөр Усуптегин

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7327
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×