Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 05.10.2015 17:59

Айыл турмушу: Ош шаарында 40 жыл бирге жашаган үй-бүлөнүн лимузин менен белгилеген өзгөчө тою (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну Карим Назаров менен Бүалима Жолдошева баш кошкондугунун 40 жылдыгын белгилеп, Ош шаарын лимузин менен кыдырып чыкты. Аларды достору жубайлары менен коштоп жүрүштү. Бул күндү үйлөнүү той катары белгилеп жатабыз, дешет алар.

«Биз бул күндү өзгөчө белгилөөгө аракет кылдык. Баш кошуп жашаганыбызга 40 жылдын жүзү болуптур. Жаш кезибизди көз алдыбызга элестетип достор менен чогуу ырдап, бийлеп 40 жылдык майрамды белгилеп жатабыз», - деди Карим Назаров.

Түгөйлөр Ош шаарынын борбордук аянтында жана Ош шаарынын кире беришиндеги аркада чогуу хор да ырдашты. Аларды шаар тургундары таң калуу  менен карап жатты Карим Назаров менен Бүалма Жолдошованын ортосунда 3 уул, 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×