Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу 05.10.2015 13:21

Айыл турмушу: Кара-Балтадагы эски тамда убактылуу жашап жаткан 5 баланын жалгыз бой апасы бир нече жумушта иштөөгө мажбур (фото)

Turmush -  Учурда Кара-Балта шаарында жашап жаткан 5 балалуу жалгыз бой эне Фарида Кадыркулова бир нече жумушта эмгектенүүгө мажбур. 5 баланы жалгыз тарбиялап өстүрүп жаткан 36 жаштагы Фарида Кадыркулова менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Ф.Кадыркулова Токмок шаарында туулуп, өскөн. Акыркы 3 жылдан бери Кара-Балта шаарынын чет жагында жашап келет. Аны менен кошо 4 баласы, алардын 3ү мектеп окуучулары болсо, бирөө 1 жашта, ал эми эң улуусу айылда чоң апасы менен жашайт.

Үй-бүлөсүн багуу үчүн Ф.Кадыркулова бир нече жумушта иштейт. Эртең менен жана кечинде пол жууп иштесе, иш күндөрү биржага чыгып, кара жумуштарда иштеп, дем алыш күндөрү базарда эски буюмдарды сатат.

«Эски буюмдарды сатуу базарында азыр соода-сатык жакшы эмес. Мисалы бүгүнкү тапкан 200 сомго кышкыга тартып даярдоо үчүн дароо помидор сатып алдым», - дейт Фарида.

Учурдагы бул үй-бүлө эки бөлмөлүү эски жер тамда жашап жатат.

«Биз бул үйдө жай айларында гана жашап турабыз деп ойлогонбуз. Бирок ушул үйдө кыштаганга туура келет окшойт. Мен 5 баламды жалгыз өзүм багам. Балдардын атасы колунан келген жардамын берип турат. Бирок ал деле жетпейт. Биз бекер жашап турганга уруксат берген үйлөрдө эле жашайбыз. Буга чейин Токмокто, Сокулукта жашасак, азыр Кара-Балта шаарына келдик. Буга чейин туугандарыбыздын үйүндө жашап жатканбыз. Алар ал үйүн бузуп жаңы там салып жатышат. А бизге болсо бул жайкы эски ашканасында жашап тургула деген. Бирок жакында аны да бузат. Кайсы жерге келбейли жергиликтүү бийликке кичинекей эле жер тилкесин берүүнү суранып келем. Эгер берилип калса балдар деле чоңоюп калды, эптеп өзүбүз эле үй салып алат элек.

Кара-Балта шаардык мэриясына жазган арызыбызга учурда 2010-2011-жылы арыз жазгандарга гана кезек жеткендигин айтышты», - дейт жалгыз бой эне.

Апасы жумушта жүргөн учурларда кичинекей инисин 1-3-4-класс окуган эжелери карап калат.

«Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем 17 балалуу болушкан, мен алардын он үчүнчүсүмүн. Өзүм да балдарды жакшы көрөм жана жалгыз бой эне болгонума карабастан ар дайым үй-бүлөмдү көп балалуу деп элестетем. Менин жоопкерчиликтүү жана камкор балдарым бар.

Мектептеги мугалимдери да аларды макташат. Мен бизде баары жакшы боло турганына ишенем. Эң негизгиси менин ынтымактуу бекем үй-бүлөм бар», - деди Ф.Кадыркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×