Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.10.2015 10:22

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Осокеева быйыл 12 тонна алма жыйнап, аны Орусияга экспорттоону пландоодо (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын 50 жаштагы тургуну Айгүл Осокеева быйыл 12 тонна алманын түшүмүн алды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Осокееванын айтымында, анын 1 гектар жери бар. 80 сотых жерде 80 түп алманын түрү, 60 түп жаңгак өсөт.

«Былтыр 6 тонна гана алма жыйнап, 60 миң сомдой пайда көргөнбүз. Быйыл 12 тонна алма жыйноону пландап жатам. Учурда алманын 1 килограммын 25 сомдон болууда. Ал эми жерге түшкөн таза алмалардын 1 чоң чакасын 100 сомдон сатуудамын. Быйыл биринчи жолу алмаларды Россияга экспорттоо үчүн даярданып жатам. Мен алмаларды бул жактан жүк ташуучу унаа менен жөнөтөм, ал эми жолдошум Орусиядан тозуп алат», - дейт ал.

Ошондой эле, ал алма терүүгө жетишпей жаткандыктан, 1 күнгө 2 миң сомдон төлөп, жумушчуларды иштетип жаткандыгын белгиледи.

«Шамалдан улам жерге түшкөн алмалар жайнап жатат. Аларды күнгө жайып, как кылуудамын. Жылына 30 кап алманын кагын кургатам. Кактын 1 килограммын 60 сомдон сатам», - деди А.Осокеева.

Белгилей кетсек, А.Осокееванын 5 баласы бар. Ал кесиби боюнча ашпозчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×