Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.10.2015 11:58

Карылар күнүнө карата: Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын тургундары C.Чокоев жана К.Чокоева 60 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары 60 жыл бирге өмүр сүргөн Сагынаалы Чокоев менен Калемчач Чокоеванын өрнөктүү өмүрлөрүнө суктангандар көп.

Алар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 9 баланы тарбиялап өстүрүп, учурда 33 небере, 36 чөбөрөнүн  кадырлуу карысы.

Карылар күнүнүн урматына аларды куттуктап келген уул-кыздары, айылдаштары: «Алардан үлгү алгыбыз келет», - дешет. Жубайлар 42 жыл мал багып, тоодо жашашкан. Балдарынын баарынын жогорку билимдүү болушуна шарт түзүп, татыктуу тарбиялашкан. Учурда кутман карылар небере-чөбөрөлөрүн тарбиялоого да салым кошушат. Күн сайын түрдүү жомокторду, турмуштагы кызыктуу окуяларды айтып берип, алардын ар бири өз өрдун тапкан инсандардан  болушса экен деп тилек кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×