Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуБаткен району 02.10.2015 17:24

Баткен шаарынын тургуну З.Султанов 45 жылдан бери жумушка шайтан араба менен каттайт (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Заирбек Султанов 45 жылдан бери транспорт катары шайтан араба колдонот. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

60 жылдык мааракесинде өмүрлүк жубайы Азимкан айым экөөнө балдары автунаа белек кылган. Бирок ал автоунаасын алыскы жолго чыкканда гана айдап, жумушка шайтан арабасы менен каттайт.

Өзү теңдүүлөрдөн бир топ жаш жана чыйрак көрүнгөн 67 жаштагы З.Султанов: «Мен 100 жашка чыксам да шайтан арабамды таштабайм», - дейт.

IMG-20151001-WA0345IMG-20151001-WA0344

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×