Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Эски имараттын жаңы коопсуздугу, - К.Усуптегин

Turmush -  Өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздаган тармагында 1-октябрь күнү жагымдуу окуя болуп өттү.

Нарындагы Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты оңдолуп, пайдаланууга берилди. Мурунку райондук турмуш тиричилик үйүнө таандык болгон эки кабаттуу, жер төлөсү да бар имарат мындан ары калктын коопсуздугу үчүн кызмат кыла баштайт.

Ачылыш аземге келген ички иштер министри Мелис Турганбаев өз сөзүндө шарттар курулуп жаткандыгын белгилеп, милицияны эл үчүн таза иштөөгө чакырды.

«Мен 2008-жылы Ак-Талаа районуна келгенимде биздин кызматкерлердин шарты жок имаратта иштеп жаткандыгын көрдүм. Анда министрдин орун басары болчумун. Былтыркы жылы министр болгондон тарта биринчи милдетим милиция кызматкерлеринин иштешине шарт түзүү деп эсептедим.

Акыры жергиликтүү бийлик менен биргелешкен аракетибиз менен ушул имарат өткөн жылда сатылып алынып, быйыл жаздан баштап оңдоо жумуштары башталган. Президенттин демилгеси менен Финансы министрлигинен акча каражат чечилип, эми минтип имаратты ишке берүүдөбүз»,- деди министр.

Ошондой эле М.Турганбаев, Ак-Талаа РИИБдин жетекчиси Талантбек Кадыровго президент А.Атамбаев тарабынан спорттук шаймандарды толуктап алуу үчүн бөлүнгөн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев бул имараттын РИИБге алынышын жана тез арада талапка ылайык оңдоодон өткөндүгүн сыйкырлуу көрүнүш катары баалады.

«Чындыгында биздин ак-таалалыктар үчүн ушул имараттын кайрадан жаңыланып, жасалышы сыйкырчылык иштей эле болду. Бул имаратты 1 миллион сомго берген «Тилектеш» бирикмесинин башчысы Гүлбарчын Өскөнбаевага ыраазычылык билдиребиз. Болбосо ушул Баетов айылында орто үйлөрдүн баасы 500-600 миң сомду түзөт. Ошондой эле ИИМдин алдындагы курулуш-мондаждоо башкармалыгынын адистерине да ыраазыбыз. Алар жумушту үзгүлтүксүз жана сапаттуу аткарып беришти», - деди С.Черикбаев.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып райондун акимчилигинин чечими менен министр М.Турганбаевге «Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды.

Аземге катышкан өкүл Аманбай Кайыпов облус боюнча 46 объект курулуп жана оңдолуп жаткандыгын белгилеп, 30-сентябрда президенттин Нарын облусуна жасаган иш-сапарынан кийин облуска дагы дээрлик 400 миллион сомдук каражат берүү чечилгендигин билдирди.

Ал эми Нарын ОИИБдин жетекчиси Орозобек Молдосариев бул имарат район элинин коопсуздугу үчүн жаңы жигерди жаратарын айтып, быйылкы жылдын эсебинен облус боюнча милициянын жаңы 11 аймактык кеңселери ишке берилгендигин, мурунку 1937-жылы пайдаланууга берилген РИИБ имараты милиция кызматкерлерине турак-жай катары берилерин маалымдады.

Ак-Талаа РИИБи 1936-жылы уюшулуп, кийинки жылы бир кабаттуу имарат салынган жана ал имарат 79 жыл бою кызмат кылып келген. Жогоруда белгиленгендей РИИБ үчүн турмуш-тиричилик үйү болуп келген эки кабаттуу үй 1 млн сомго сатылып алынган. Быйыл 12-майда кайрадан оңдоп-түзөө жумуштары башталып, ал үчүн 14,3 млн сом жумшалды. Жыйынтыгында чатыры толугу менен алмаштырылып, терезе, каалгалары, жылуулук жана суу түтүктөр системалары толугу менен жаңыртылган. Имараттын алды пескоблок менен тосулуп, күрөш залы, жуунучу жай жана даараткана кошо бүткөрүлдү.

Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6227
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×