Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.10.2015 15:49

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү Кызыл-Суу айылында усталар энергоэффективдүү технологиялар менен үйлөрдү жылуулаганды үйрөнүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздөгү Кызыл-Суу айылында жайгашкан «АМЭТиС» коомдук бирикмеси «Үйлөрдү жылуулагыч менен каптоо жана Kyrseffтен жылуулагыч каражаттарын алуу мүмкүнчүлүктөрү» деген аталыштагы тренингдерди өткөрүүдө, - деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тренингдер үйлөрдү жылуулагыч менен каптоо эрежелери жана ыкмалары жөнүндөгү маалыматтарды жеткирип, катышуучуларга практикалык көнүгүүлөрдү түзүү максатын көздөйт.

Тренерлердин бири жаш уюм АМЭТиСтин өкүлү, желе-дөбөлүк Сүйүнбаев Алайбек: «Мен эффективдүү энерго-технологиянын келечегине ишенем. Биздин уюм калктын жашоо-шартын жакшыртууга жардам берет. Себеби, адамзаттын келечеги ушундай технологияда эмеспи», - деп белгилейт.

«АМЭТиС» (Ассоциация мастеров энергоэффективных технологий и строительства) коомдук бирикмеси 2013-жылы ноябрда эффективдүү энергия технология жана курулуш тармагындагы чебер-устаттардын тажрыйба ыкмалары менен билимдерин бириктирүүчү уюм катарында түзүлгөн. Алар долбоор жазып, GIZ тарабынан колдоого алынган. Долбоордун идеясы энергоэффективдүү технологиялардын базаларынын өнүгүшүнө негизделет. Бул аркылуу энергоэффективдүү мештерди салууну, үйлөрдү жылуулагыч менен каптоону окуган усталар андан ары өз кызматтарын көрсөтө алат.

«Бүтүндөй азыркы коом, кыргызстандык жеке колдонуучулар энергоэффективдүү технологиялардын таралышынын актуалдуулугун түшүнбөйт. Андыктан, ушул багытта өз деңгээлдерин көтөрүүгө муктаж», - дейт аталган коомдук бирикменин аткаруучу директору Имаш Азарбаев.

Учурда аталган коомдук бирикменин 30 мүчөсү Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда өз ишин жүргүзүп, бул технологияны жайылтып жатат.

SAM_4820

жылытуу  


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×