Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.10.2015 13:01

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Боз-Бешик айылындагы каралбай калган 500 га аянтка төө буурчак өстүрүлүп, Түркияга экспорттолууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы каралбай калган 500 гектар жер өздөштүрүлүп, дыйкандар өстүргөн төө бурчагынан мол түшүм алууда. Бул тууралуу айыл тургундары Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Элет эли маалымдагандай, ал жерди жеке компания өздөштүргөн. Учурда айылдан 80 жумушчу тартылган. Ишкананын жетекчисинин орун басары Нурдин Бектенов: «Биз кунарсыз жаткан жерди ижарага алып, эки жылдан бери иштетип жатабыз. Анын 300 гектарында төө буурчак, 70 гектарында ашкабак тигилген. Айылдан 18 чакырым алыстыктагы айдоо аянтына сугат суусун да жеткирдик. Күн сайын 70-300 айыл тургунун ишке тартып, күнүнө 1000 сомдон акыларын төлөп берип жатабыз. Түрк ишкерлери менен келишим түзүп, алган түшүмдү ыңгайлуу баада сатып өткөрүүдөбүз. Жакында эле ашкабак жыйноочу комбайн алып келдик. Алдыда ишти кеңейтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар», - дейт.

Ал белгилегендей, айыл эли келерки жылы өздөрү төө буурчак өстүрүүнү максат кылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×