Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ой-пикир: 20 жыл бою кыйкыргандар да, кызматта жүргөндөр да ушулар, дагы эле кыйкырып жүрүшөт!, - А.Сагынаалы уулу, Ак-Талаа

Turmush -  Азыркы тапта парламентке ат салышып, ат салышканда да бат салышып, аймактарда эл чогултуп, ырчыларын боздотуп, бири ак, бири көк, бири сары, бири жашыл, айтор партияларынын кызыл-тазыл чүпүрөктөрүн көтөртүп, Ала-Тоо ичин жаңыртып жүргөн саясатчыларды көрсөң көөнүң кирдеп турат да чиркин.

«Манас» эпосундагы:

Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу,
Көйгөйлөгөн ызы чуу, деген саптар эрксизден эске түшө калып жатпайбы. Арийне, Манас бабабыз элин, мекенин душмандардан коргоо үчүн казатка аттанып бара жатканда же келе жатканда ушинтип ак асабасын көтөрүп, айгайлаган ызы-чуулар болсо керек. Азыркы аткаминерлер парламентке барарда ушинтип ызы-чуу кылып келишет. Кантип? Эл астында көп эле убадаларды беришип, биз аткарып беребиз, бизге ишенгиле, бизге добуш бергиле деп ач айкырык, кур сүрөөн, жеке амбициялары, популисттик көз караштары менен кайрадан кайран кыргызды чарк айланып жүргөн кезеңдери.

Кыргыз эли эгемен эл болуп, өз мекенине ээ болгонуна 24 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде ушул эле саясатчылар, ушул эле эл багам деген «эр-азаматтар» 20 жыл бою кыйкырып, 20 жыл бою ушулар эле кызматта, бийликте жүрүшпөдүбү. Же башкалар жүрүштү беле? Ошол 20 жылдан бери эле мен кыйратам, мен минтем, мен мекеним үчүн өпкө-жүрөгүмдү садага чабам, экономиканы өстүрөм, өндүрүштү өнүктүрөм, завод-фабрикаңды курам, жолуңду оңдойм, мектеп, бала бакча салам жана башка ушул сыяктуу суу эмес, арыктан аттай албаган куру убадаларга кулакты тойгузуп келишпедиби. Бирок, ушул айткан убадалары, берген анттары аткарылдыбы?, аны аткаруунун ордуна кызматтык отургуч бөлүштүрүп, папке талашышып, үлкөндүү кызмат үстөлдөрүнүн үстүндө, кымбат баалуу автоунааларда, сауналарда, чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшпөдүбү?, же жалганбы?!

Ошол 20 жыл ичинде ушул эле саясатчылар бири-бирин соттошуп, бири-бирин боктошуп, бири-бирин атышып, бири-бирин чукушуп, бири-бири менен урушуп, айтор кыскасы Акүй менен Көкүйдө ушулардын эле карааны жүрүп, ушулардын эле арааны ачылып жүрүштү го. Бир нерсе өзгөртүштүбү, бир несе жасаштыбы?

Өнүктүрүүнүн ордуна, кыргыздын болгон жерин сатып, кенин сатып келишпедиби. Караламан калк өз жанын өзү бакты го!

Шайлоо астында кайдасын элим, кайдасың жерим деп, көздөрүн ушалап тура калышып, эми гана элди эстемиш эткендерине элдин же сенин зээниң кейибегенде, саясатчылардын, чиновниктердин зээни кейимек беле. Өкүнүчтүү!

Караңызчы, 4 жыл депутат болуп отуруш үчүн канчалаган каражатты чачып жатышкандыгын. Бул каражаттар кайдан чыкты, ким берди, эч ким бербесе өздөрү мындай ири суммадагы сөлкөбайларды каяктан тапты, эгер сырткы күчтөр берип жаткан болсо, эмне максат менен берип жатышат? деген суроолорго жооп издеп көрдүңүзбү? Эгер сырткы күчтөр берип жаткан болсо, анда буларың аларга дагы бир кен байлыгыңды тууралап койду. Жок, өздөрүнүн каражаты десеңиздер, анда сизиң менен бизиңдин чөнтөгүңдөн чубалып жатат.

Дагы бир жолу айтып коёлу, 20 жыл бою ушулар эле кызматта жүрүшкөн жана 20 жыл бою мен кыйратам, мен жыргатамды ушулар эле кыйкырып жүрүштү. Башка эч ким! Чачып жаткан каражаттарын эсептесеңиз, чач кирпигиңди бирден санасаң дагы жетпейт. Мен мектеп, бала бакча салып берем деп ак эткенден так этип, эптеп элди алдамай, элди эрмектемей. Кайдан салып берет, кайдан жасап берет? каражаттарынын баарын чачты, эми ошол үгүт иштерине кеткен каражаттарынын ордун сиз менен биздин эсебинен толтуруп алат. Эгер жан дили менен жасап бере турчу эр-азамат болсо, ошол депутаттык үстөлгө улкунуп-жулкунбай эле, үгүт иштерине короп жаткан каражатына эле жасап берип коймок. Жок, булар кызмат үчүн, ичип-жеш үчүн, койкойюп костюм кийип, галстук тагынып, элден өзгөчө болушу үчүн, дагы тайраңдап, дагы сайрандап жүрүш үчүн бара жаткандар. Бул аларды каралоо эмес, бул акыйган акыйкаттык, чындык!

Болбосо айткылачы, Кыргызстанда ушул бир ууч саясатчылардан башка кызматтарда ким жүрдү?! Эч ким! Уялып калышпай дагы эле кыйкырып, дагы эле кооз сөздөргө кулак бышырып, дагы эле кызматка, дагы эле бийликке барсам деп жүрүшөт. Өкүнүчтүү!

             

      Жазган: Адилет Сагынаалы уулу, Ак-Талаа району
     Автордун грамматикасы менен стилистикасы сакталды

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5596
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×