Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусуКара-Суу району 30.09.2015 18:30

Айыл турмушу: «Алтын кол айым» аталган кара-суулук тарбиячы жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүк менен бала бакчаны жасалгалап чыкты (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну Турдайым Бакалбаева жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүк менен «Ынтымак» бала бакчасынын имаратын жасалгалап, «алтын кол айым» аталган. Ал мындан 2 жыл мурун ачылган  бала бакчанын ички жасалгасынын баарын өз колу менен кооздоп чыгууга жетишкен. 

Бала бакчанын залдарына балдар үчүн жомоктордогу каармандардын сүрөттөрү тартылып, учурда окуу куралы катары пайдаланылууда.

Турдайым Бакалбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, 34 жылдан бери мугалимдик кесип менен алектенет.

«Мен бала бакчада эмгектенип жатканыма 8 жылдын жүзү болду. «Ынтымак» балдар бакчасына 2 жыл мурун келдим. Жаңы ачылгандан тартып, балдарды жомоктогу каармандар менен окутуп келем. Бала бакчадагы кездемеге сүрөт тартып, балдардын тилин тапканга аракет кылам. Бир эле сабак менен чектелбестен каармандарга аралаштырып ой-жүгүртүүсүн жакшыртууга аракет кылам. Балдар уктаган мезгилде кагаздардан ар кандай эмгектерди жаратам», - деди Т.Бакалбаева.

Турдайым Бакалбаева бир эле эмгекти жаратууга бир топ күн энергия талап кылынаарын баса белгилеп кетти.

«Мен негизинен интернеттен сүрөттөрдү алып алып, окшоштуруп тартып чыгам. Буюмдарды кагаз, шөкөттөлгөн жип, кездеме, жүн, тамак-ашка керектелүүчү азыктарды колдонуу менен жасайм. Мисалы боз үйдү бир жумада жасап бүтүп, ага 2 миң даана кагаз кетти. Бул өтө майда иш болгондуктан баардык эле адам жасай албайт. Эмгектер чыдамкайлыкты талап кылат»,-деди ал.

Бош дубалга жан киргизген айымдын алдыга койгон максаттары көп. Ал  өз тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүүнү жактырат.  Бош убактысын бекер өткөрүүнү каалабаган Турдайым Бакалбаева балдар бакчасынын айланасына оймо-чийме кылып гүлдөрдү да өстүргөнгө жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×