Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 16.09.2015 16:29

Айыл турмушу: Украинадан тигүүчүлүк кесипке ээ болуп келген чебер Ош шаарындагы ишмердүүлүгү менен айына 60 миң сом киреше алууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 46 жаштагы тургуну Памиргүл Талканчиева 30 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Ал тигүүчүлүк кесип ар бир адамга табияттан берилген талант, деп эсептейт.

Тигүүчүлүккө кичине кезимден шыгым бар болчу, деди ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде.

«Менимче бул кесип ар бир адамга табияттан берилген талант болуп саналат. Анткени мен да кичине кезимден тигүүчүлүккө кызыгам. Алгач  6-класста окуп жатканымда биринчи жолу көйнөк тигип, 10 тыйынга саткам. Ата-энем менин шыгымды байкап, мени мектепти бүткөн соң тигүүчүлүк кесиби боюнча окуу жайга киргизишти. Жогорку окуу жайында да изденүү менен окудум жана чеберчиликтин бардык техникаларын үйрөндүм.

IMG-20150916-WA0014

1988-1989-жылдары Украинадан тигүүчүлүк боюнча билим алып келдим. 1990-жылы окууну аяктаган соң турмушка чыктым. Албетте турмуш куруп, балалуу болгон соң иштеш оор болду. Бирок кесибимди таштаган жокмун. Өмүрлүк жолдошум да ишиме тоскоол болгон жок. Турмуш шартка байланыштуу Баткен облусунда тигүүчүлүк менен алектенип жүрдүм.

Кийинчирээк Ошко келип ишимди ушул жерден өнүктүрө баштагам. Учурда тигүүчүлүк менен алектенгениме 30 жылдан өттү. Мага кийим тиктирип кийген кардарлар да көп. Көбүнчө кечелерге, майрамдарга ылайыктуу көйнөктөрдү тигем. Ал эми кездемелерди жана кооздуктарды Кытайдан, Бишкектен алып келебиз. Орточо эсеп менен бир жумада кечелерге кийилүүчү 7-8 көйнөк тигем. Ошондой эле жөнөкөй кийимдерди да күн сайын тигип турабыз. Кийимдердин эң арзаны 600-700 сомду түзөт. Ал эми эң кымбаты 15 миң сомго чейин жетет. Орточо айына 60 миң сомдон көп пайда табам», - деди П.Талканчиева.

IMG-20150916-WA0012

Памиргүл Талканчиева 30 жыл аралыгында 20дан ашуун кыз-келиндерди тигүүчүлүккө үйрөттү. Анын пикиринде, тигүүчүлүк Кыргызстанда жаңы кесип.

«Акыркы убактарда кыз-келиндердин модага, жаңы стилге болгон суроо-талабы өсүп жатат. Башкача айтканда тигүүчүлүк өлкөбүздө эми гана актуалдуу болуп баратат. Келечекте бул кесип эң мыкты жана керектүү кесиптердин катарын толуктайт деп ойлойм. Учурда кийимдерди жаңы түс, жаңы образ менен тиге баштадым. Улуттук оймо-чиймелерге жаңыча түс берүүгө өттүк. Келечекте бул ишти мындан да өнүктүрүп, кеңири таанымал ишкана ачуу тууралуу планыбыз бар», - деди П.Талканчиева.

IMG-20150916-WA0015  

IMG-20150916-WA0011

IMG-20150916-WA0016

IMG-20150916-WA0015

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×