Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.09.2015 15:50

Айыл турмушу: Москва, Астанадагы ресторандарда ашпозчу болуп иштеген кара-көлдүк А.Макеева кулинардык соода түйүнүн ачууну пландоодо (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Анара Макеева корей салатынын түрүн жасап, кошумча киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Макееванын айтымында, ал Бишкектеги №91 кесиптик лицейинде ашпозчу, кондитер кесиби боюнча билим алган.

15 жылдан бери өз кесибин аркалап, Москва, Астана, Бишкек өңдүү шаарлардагы кафе, ресторандарда ашпозчу, кондитер, салат жасоочу болуп иштеп, тажырыйбасын байыткан.

«Салаттын түрүн жасаймын. Көбүнчө шаарда өткөн тойлорго салат жасоо үчүн буйрутма алам. Сентябрь айынан март айына чейин салат жасап, борбордук базардагы сатуучу түйүнгө алып чыгам. Айына 10-12 миң сомго чейин пайда табам», - дейт ал.

А.Макеева өзүнүн кесибине тийиштү китептерди көп окуйт. Интернет-сайттардан ар түрдүү салат, тамак-аштардын жасалышын окуп, таанышып турат.

«Мен өз кесибимди жакшы көрөм. Салат, тамак-аш жасаганда эргүү жана чын көңүлүм менен жасаймын. Анткени, чын көңүлдөн жасалган тамак даамдуу болот», - дейт ал.

А.Макеева айрыкча Европанын жана Азия өлкөлөрүнүн тамакмактарын жактырат. Келечекте Кара-Көл шаарына кулинардык чоң соода түйүнүн ачып, анда салат жана кондитердик шириндиктерди даярдоочу бөлүмдөрдү ачууну пландайт.

Ал үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×