Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2015 13:46

Айыл турмушу: Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында уюштурулган балык чарбада 8 миң даана түстүү форель багылууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында уюштурулган балык чарбасында 8 миңдей түстүү форельдер багылып жатат. Мындай маалыматты аталган айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, балык чарба БУУнун өнүктүрүү программасынын көмөгү менен 586 миң 640 сомго уюштурулган. Өкмөттүн мунципалдык балансында турган бул чарбага алгачкы жолу көлөмү 5 сантиметрлик чабактарды коё беришкен. Учурда алар чоңоюп, узундугу 13 сантиметрге жеткен.

«Балык багуу деле оңой эмес экен. Биринчи жолу балык өстүрүп жаткандыктан, байкабай калып айрымдарын өлтүрүп алдык. Негизи эле 1-2 миңдей чабак чоңойгончо ар кандай себептер менен өлөт экен. Азыр кудайга шүгүр, жолун жакшы үйрөнүп, бир топ көнүп калдык. Бассейндин үстүнө атайын жарыктарды коюп койгонбуз. Себеби, түнкүсүн чымын-чиркей, көпөлөктөр жарыкка келген кезде балыктар жейт. Кудай буюрса жакында сатыкка чыгарабыз. Андан сырткары, арасында айрым майда балыктарын өзүнчө багууга кийинки жылга дагы бир бассейн курууну пландап жатабыз», деди Н.Соодонбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×