Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуТүп району 16.09.2015 13:23

Айыл турмушу: Түптүн Корумду айылындагы жаш мугалим А.Коңурбаев тери, жыгачтан буюмдарды жасап, жаратылыш койнунда сүрөт тартат (фото)

Turmush -  Түп районунун Корумду айылынын тургуну, жаш мугалим Адилет Коңурбаев учурда мектепте сүрөт, кол эмгек жана чийүү сабактары боюнча окуучуларга билим берет.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, бош убактысында териден, жыгачтан ар кандай буюмдарды жасап, жаратылыш койнунда түркүн сүрөттөрдү тартат.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүккө болгон шыгы атасы Мураттан өткөн. Бала кезинен атасы менен чогуу жүрүп, анын жасаган буюмдарынан таасирленип, кол өнөрчүлүк жолун тандаган. Каракол шаарынан атайын жогорку билимге ээ болуп, өзүнүн сүйүктүү айылында иштөөнү чечкен Адилет мырза азыр бул кадамына ыраазы.

«Окуучуларга кол эмгек сабагынан көп нерселерди үйрөтөм. Сабактан кийин каалоочулар үйүмө келип, өзумдүн кичинекей чеберканамда аларга кол өнөрчүлүктүн сыры менен бөлүшөм. Жакын жайгашкан айылдардан да балдар келип, ар кандай буюмдарды жасаганды бекер эле үйрөнүп кетишет. Жаш муунду тарбиялоодо өзүмдүн салымымды кошсом экен деген максатта бүт аракетимди жумшоодомун», - дейт жаш мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×