Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуТүп району 16.09.2015 11:44

Айыл турмушу: Түптүн Талды-Суу айылында Райымбековдордун үй-бүлөсү 7 жылдан бери сүт сатып алуу менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургуну Жыргал Райымбеков «Сүт-Булак» сыр заводунда эмгектенет.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, Талды-Суу айылында сүт кабыл алуу жайын ачып, айыл тургундары өткөргөн сүттөрдү кабыл алат. Жубайы Клара Шаменова экөө сүт алып жүргөнүнө 7 жыл болду.

«Сүт кабыл алуу пунктун ачып, жергиликтүүлөр тапшырган сүттү алып жатканыбызга көп жыл болду. Биз көнүп калдык. Айылда жумуш аз, элдин көбү короо жайындагы чарбачылык менен оокат кылышат. Биз үй-бүлөбүз менен иштеп, башкаларды да жумуш менен камсыз кылууга жетиштик. Заводдо 6 адам иштейбиз. Айлыгыбыз иштеп тапканыбызга жараша 15 миң сомго чейин болуп, убагында берилет. Автоунаа менен  башка айылдардан да сүт ташып келебиз.

Андан каймак, сыр, быштак жана башка сүт азыктары чыгарылат. Сүт тапшырган элеттиктердин каалоосу боюнча сүттүн акысына май, сыр берип турабыз, бирок көбүнчө акчалай эсептешебиз. Айыл тургундары өткөргөн сүттүн эсебинен күнүмдүк каражат таап, азык-түлүктөрүн алышат», - деди Ж.Райымбеков.

Азырынча сүттүн баасы арзан болууда. Майлуулугуна жараша 9-11 сомдон алынат.

«Кымбаттаса эл үчүн жакшы болот эле. Бирок азыр баа бардык жерде ушундай. Анткени талаадан оттоп келген малдын сүттүүлүгү анча жогору болбойт. Кышында сүттүн баасы көтөрүлөт. Өткөн кышта сүттүн бир литрин 19 сомдон алганбыз. Малды көп багып, көп уй саагандар жакшы эле киреше табат. Айылда күнүнө 30-50 литрден сүт өткөргөн фермерлер бар», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×