Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 16.09.2015 11:35

Айыл турмушу: Ак-талаалык ишкер чийки кирпич чыгаруучу цех ачуу менен жаңы жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы жеке ишкер Бахтияр Салымбеков чийки кирпич чыгаруучу чакан цех ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүп жатат.

Аймактык кабарчы менен маектешкен ишкердин айтымында, 250 миң сомго чийки кирпичти даярдоочу жабдык алган. Алгач топуракты нымдап, аны атайын жабдыктын жардамы менен кирпичке айлантат. Учурда 1 даана кирпич 4 сомго сатылууда.

Б.Салымбеков жакында цехине жаңы 2 жумушчу алып, күнүнө 2 миң даана кирпич чыгарууга жетишүүдө. Алар көпчүлүк учурда буюртма менен иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×