Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусуАксы району 16.09.2015 08:26

Айыл турмушу: Кербендин тургуну М.Жоробаев 11 жыл өтүкчү болуп иштеп, тапкан каражатына батир жана унаа сатып алды (фото)

Turmush -  Кербен шаарынын тургуну Махмуд Жоробаев 11 жыл бут кийим тигип иштеп, тапкан каражатына батир жана унаа сатып алды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Жоробаевдин айтымында, ал 2004-жылы жумушсуздуктун айынан бут кийим тигүү менен алектенип баштаган.

«Жаңы иштеп баштаганда аябай кыйынчылык болду. Себеби, тигүүнүн эрежелерин, така кагуунун жолдорун билчү эмесмин. Акырындык менен үйрөнүп, тигүүнү өздөштүрүп алдым. Клей, жип, така, батек жана башка ушул сыяктуу керектүү буюмдарды Бишкектен алдырам. 2 жыл мурун атайын заказ менен колго тигүүчү машина сатып алдым. Буга чейин шибеге менен тигип жүргөм. Ар бир бут кийимди сапаттуу тигем», - дейт М.Жоробаев.

Ал белгилегендей, 2 жыл иштеп, топтогон каражатына жакында элге той берген.

«11 жыл чинде 15 миңден ашуун бут кийим тиктим. Ар бир бут кийимдин тигилишине жараша өзүнчө акы алам. Мисалы, эркектердин бут кийимин тигүү акысы 250 сомдон 300 сомго чейин бааланат. Өтүкчү болуп иштегенден бери тапкан каражатыма батир жана унаа сатып алдым», - дейт ал.

Ошондой эле, М.Жоробаев анын кардарларынын арасында райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Кыргызстандагы таанымал адамдар да бар экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×