Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 15.09.2015 18:05

Айыл турмушу: Ак-Талаанын тургуну К.Шыгаев жазгы талаа иштерине керектелүүчү тырмоонун тиштерин колго жасайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Келдибек Шыгаев жазгы талаа жумуштарына колдонулуучу тырмоонун тиштерин колго жасайт. Учурда мындай тырмоонун алтоо иштетүүгө даяр, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын маалыматында, эскирип, керектен чыгып калган тырмоону алып, анын тиштерин чыгарып, мизи учталып кайрадан жаңыртылат.

Дыйкан кадимки көөрүктү электр тогуна туташтырып койгон. Бул темирди ысытууга, иштетүүгө, аны ар кандай калыпка келтирүүгө абдан оңой. От жагууга кошумча күчтүн кереги жок. Бул шайманды жасоодо кадимки муздаткычтын моторун колдонгон. Ал үйлөгөн аба аркылуу от күйөт.

«Бул жабдыкты колхоз учурундагы темир-тезекти курап эле жасагам. Негизи тырмоонун тиштерин чапканга ылайыктагам. Иштегенге абдан ынгайлуу. Тырмоо айдоо айдагандан кийин жерди жумшартат, топурактын чоң –чоң кесиндилерин майдалайт. Ошондуктан бул дыйкандардын жер айдоосу үчүн абдан керектүү. Сатып алганга ар бир эле дыйкандын каражаты жетпейт. Анын бир тиши эле 50 сом турат», - деди К.Шыгаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×