Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 15.09.2015 14:57

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында нан азыктарын даярдаган цех буюртма менен 200 даана булочка даярдайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында жеке ишкер Алмагүл Сабыралиеванын нан бышыруучу чакан цехинде булочка, нан жана торт жасалууда. Учурда цехте 5 жумушчу иш алып барат, деп билдирди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, чакан цех айыл өкмөттүн сунуштоосу менен БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан ачылган.

«Майрамдарда же айылда той-аш өткөндө буюртмалар аркылуу 100-200 даана булочка даярдайбыз. Ал эми мындай күндөрү 50 даанадан булочка бышырып, дүкөндөргө 65 сомдон сатыкка коёбуз. Андан сырткары, айыл жери болгондуктан нанга болгон муктаждык деле жок. Андыктан буюртма болсо, нандын 1 даанасын 20 сомдон бышырып беребиз», - деди А.Сабыралиева.

Ал маалымдагандай, майрам күндөрү цехте торт жасалып, 1 даанасы 250 сомдон 280 сомго чейин сатылат. Ал эми жумушчулардын айлык маянасы 1,5 миң сомдон 5 миң сомго чейин жетет.

«Азыр эми бул жумуштун башталышы. Өнүгүү үчүн убакыт керек. Менимче цехтин келечеги кең», - деп кошумчалады А. Сабыралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×