Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 15.09.2015 13:37

Айыл турмушу: Ак-Талаада ачылган жүн тытуучу цехте 6 адам жумуш менен камсыз болуп, күнүмдүк тиричиликке каражат табууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу аркылуу жүн тытуучу жана кийиз жасоочу чакан цех ачылып, иштетилип жатат.

Цехтин жумушчуларынын айтымында, бул ишкананы ачууга айыл өкмөтү тарабынан БУУнун өнүктүрүү программасына сунушталган долбоор жактырылып, анын негизинде 161 миң 400 сомго жүн тыта турган жабдуулар алынган.

«Азыр кийиз жасоо мезгили болгондуктан жүн тыттыруу үчүн келгендер көп болууда. 1 килограмм жүндү 30 сомго тытып берүүдөбүз. Иш жакшы болуп жатат. 6 адам болсо да жумуш орундары түзүлүп, мында иштегендер күнүмдүк азык түлүккө каражат таап жатабыз», - дешти жумушчулар.

_DSC0161

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×