Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 15.09.2015 11:15

Айыл турмушу: Кадамжайдын Үч-Коргон айылынын тургуну А.Парпиев Орусияга өзү өстүргөн шабдаалыдан 1 тонна жөнөттү (фото)

Turmush -  Бактан түшүм алыш үчүн адегенде аны багыш керек, кийин ал бизди багат, дейт Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Арабай Парпиев.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, негизги кирешесин бактарынан алган түшүмү түзөт. Багбан 6 сотых чарбагынан тышкары үлүш жерине да бактарды тиккен. Күзүндө өз колу менен өстүргөн түшүмүн сатат. Жүзүмдүн «дамские пальчики» сортунун 1 килограммын 60 сомдон, шабдаалыны 50 сомго чейинки баада өткөрөт. Ал белгилегендей, быйыл Оруссияга 1 тоннадан ашык шабдаалы жөнөттү.

А.Парпиевдин айтымында, ал учурда гилас, шабдаалы жана жүзүмдүн кийинки жылдагы түшүмүнө кам көрүп, аларды азыктандыруу үчүн сугарып, астын жумшартуу менен жер семирткичтерди себе баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×