Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуЖумгал району 15.09.2015 08:21

Айыл турмушу: 60 жаштагы жумгалдык фермер айым 20 жылдан бери трактор, комбайн башкаруу менен оруп-жыйноо иштерине активдүү катышууда (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун 60 жаштагы жашоочусу, фермер айым Жамиля Тойчубекова акыркы 20 жылдан бери трактор, комбайн айдоо менен дан эгиндерин оруп-жыйноо мезгилинде жердештеринин кызматында.

Фермер айым Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, өзүнүн техникалары менен жазгы айдап-себүү иштерине да активдүү катышат. Дыйканчылыктын сырларын жакшы билген фермер айым үчүн комбайн башкаруу тракторго караганда жеңилирээк болот. Трактор менен комбайнды даярдоо, айрым техникаларын алмаштыруу сыяктуу жумуштардын баарын өзү аткарат.

«Башка жактан келгендер оруп-жыйноо иштерин аял киши башкарып алганбы деп таңданат. Техникалардын кээ бир тетиктерин өзүм, кээде жолдошум экөөлөп оңдойбуз. Акыркы 20 жылдык өмүрүм ушул фермерчилик менен өтүүдө», - деди Ж.Тойчубекова.

Ж.Тойчубекованын кесиби айыл чарбасы боюнча фермер, агроном. 25 жыл соода тармагында эмгектенип, андан кийин «Чынар» үрөн чарбасын жетектеген. Акыркы 10 жылдын ичинде мамлекеттик бюджетке 48 млн сом салык төккөндүгүн кошумчалады.

Фермер айым кирешесин насыяга алып иштетип жаткан техникаларды жабууга жумшайт. Жалпы 3-4 млн сомго техника алганбыз, деп кошумчалады.

Учурда 1 уулу, 1 кызы жана 2 небереси бар.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×