Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.09.2015 14:00

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 57 жаштагы тургуну К.Сарыжанова помидордун түрүн айдап, мол түшүм алды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 57 жаштагы тургуну Кундуз Сарыжанова Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик борборунда эсепчи болуп иштейт, мындан сырткары үйүндө жашылча-жемиштерди кароо менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Сарыжанованын айтымында, үйүнүн короосундагы 8 сотых жерге жашылчанын түрүн эккен.

«Учурда эмгек өргүүдөмүн. Бош убактымдан пайдаланып, кышкыга короодогу жашылчалардан салаттын түрүн жасадым. Быйыл түшүмдүүлүгү да жакшы болду. Калган жашылча-жемиштерди сатып жатам. Маселен, короодо помидордун эки сорту бар. Сары, кызыл түстөгү помидорлордун кичине челегин 150, чоң челегин 250 сомдон сатып жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×