Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.09.2015 13:37

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 19 жаштагы тургуну Н.Токтоназарова бөрү карагат терип, аны сатуу менен кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылынын 19 жаштагы тургуну Нурипа Токтоназарова бош убактысында бөрү карагат терип, аны сатуу менен кошумча киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Н.Токтоназарованын айтымында, бөрү карагат жыл сайын сентябрь, октябрь айларында терилет.

«Бөрү карагатты жылда терип, сатам. Биздин айылда жергиликтүү тургундардын баары теришет. Атайын буйрутма бергендер да бар. Кээ бирлери 20 килограммга чейин сатып алышат. Көпчүлүгү бөрү карагаттын даарылыгына карап, кышкыга кыям даярдоо үчүн сатып алышат. Бөрү карагаттын кичине челегин 450 сомдон сатып жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×