Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 14.09.2015 12:24

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Ардактуу шахтер 81 жаштагы М.Тутуев 20 жыл шахтада иштеп, 15 жыл футбол ойногон (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Мухамадияр Тутуев 81 жашта болгону менен башынан өткөргөн күндөрдү кечээкидей эскерет, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, М.Тутуев мектепти аяктагандан кийин 20 жыл Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада тоо жумушчусу болуп эмгектенген. Талбаган эмгеги үчүн «Ардактуу шахтер» наамына жана башка көптөгөн наамдарга татыган.

Ал бош убактысында футбол ойногонду адатка айланткандыгын айтат. 1950-жылы «Шахтёр» футбол командасына кошулуп, анда 15 жыл ойногон. Команда менен биргеликте облустук, шаардык мелдештерде жеңишке жетишкен.

«Бир жолу аталган команда Кыргызстандын биринчилигинде 3-орунду ээледик. Команданын эски сүрөттөрүн сактап жүрөм, бирок алардын жылдарын жазган эмес экенмин», - деди М.Тутев.

М.Тутуев ушул жашында да абдан сергек, шайыр жана жеңил кыймылдайт. Спорттук машыгуулар көп жылдык машыккан футбол оюну анын саламаттыгынын сакталышына өбөлгө болууда.

SAM_3439

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×