Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 14.09.2015 12:45

Айыл турмушу: Аквариумга балык өстүрүп, аларды сатуу менен киреше табуунун сырларын Ош шаарындагы ишкерлер айтып берет (фото)

Turmush -  Ош шаарында жашаган Илхомжон Усманов 2-3 жылдан бери балык өстүрүү менен алектенип келет. Ал балыктарды атайын аквариумда багып, сатыкка чыгарат. Аквариумдагы балыктар адамдын чарчоосун жазып, мээни эс алдырат, деп белгиледи ал.

«Мен  2-3 жылдан бери балык өстүрөм. Балык өстүрүү деле бир топ кыйынчылыкты талап кылат. Анткени сууну жылуу кармоо зарыл. Суу ар дайым 24-25 градус жылуу болушу керек. Сууну алмаштырып туруу зарыл. Балыкты жок дегенде күнүнө 4 маал карап турбаса болбойт.  Мен өз убагында тамагын берип турам. Биз ашты кандай жакшы көрсөк, балыктар тирүү азык деген чөптөн жасалган тамагын жакшы көрүшөт. Андан тышкары кошумча тамактар берилет», - деди И.Усманов.

Балык тез убакытта көбөйөт, аны жакшы баксаң кирешелүү тармак, деп кошумчалады ишкер.

«Балык бир айда бир жолу урук чачат. Менде  балыктын «оранда», «гуппи», «скалярии» деген түрлөрү бар. Балыктын кичинесинен 3 даанасын 100 сомго, чоң балыктардын 1 даанасын 200 сомдон жогору сатабыз», - деди И.Усманов.

Балыкчылардын бири Мукумжан Жалиев аквариумга үлүлдөрдү салып, суунун тазалыгын сактаса болот, деп кошумчалады.

«Мен дагы көп жылдан бери балык өстүрүп келем. Балыктарды сатыкка чыгарууда аквариумга салып чыгарабыз. Аквариумдагы балыктардын арасында атайын үлүлдөрдү салып коёбуз. Анткени үлүлдөр сууну тазалап турат. Негизинен ага тийбесе өзү көбөйүп, сууну тазалап турат. Өлүп калгандарын балыктар жеп коюшат», - деди М.Жалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×