Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуТүп району 14.09.2015 12:12

Айыл турмушу: Түптө айымдар түзгөн жамааттык топтор валериана өстүрүп, 200 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Түп районунда айымдар тарабынан түзүлгөн жамааттык топтор валериана глүн өстүрүп, 1 килограммын 200 сомдон сатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Корумду айылындагы жааматтык топтун лидери Шарипа Ашымова билдирди.

Анын айтымында, бир жыл мурда «Бай-Турмуш» деген топ түзүлүп, ага айылдагы 35 айым мүчө болгон. «Бизди каржылаган Япон өлкөсү тарабынан гранттык негизде каражат бөлүнгөн. Ага ар бир топтогу 7 айым биригип, үрөндөрдү жана жер семирткичтерди акысыз алганбыз. Жашылчаларды өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Аны менен катар, дары чөптөрдү өстүрдүк. Учурда кирешебиз мол. Валериана чөбүн суу бойдон 50 сомдон, кургатылганын 200 сомдон сатуудабыз», - дейт ал.

Ш.Ашымова белгилегендей, бул ишти жайылтуу максатында айыл элине атайын окуу уюштурулуп турат. Дыйкандар айдаган жашылчасын базарга сатып өткөрүшөт. Ал эми дары чөптөрдү четтен келген ишкерлер жеринде кабыл алышат.

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо борборунун жетекчиси Сонунгул Жылтырова бул боюнча облуста 6 айыл пилоттук  долбоорго  киргендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×