Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 14.09.2015 11:33

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык өтүкчү Левентоглынын үй-бүлөсү толугу менен, кызы Гүлмира да ушул кесипти тандады (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Айбек базарынынын жанындагы аллеянын боюнда катарынан столун коюп отурган өтүкчүлөрдү кезиктирүүгө болот, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Өтүкчүлөрдүн айтымында, бош убакыт дээрлик болбойт. Анткени азыркы учурда бут кийимдер сапатсыз чыгарылгандыктан, сатып алгандан аз убакыттан кийин эле оңдоого алып келишет.

Шаар ичинде мындан бир канча жыл мурун 4 эле өтүкчү иштесе, учурда алардын саны 20га жетет. Эмнегедир өтүкчүлөр мурдатан эле курд жана түрк улутундагы үй-бүлөлөрдөн көп чыгат.

Аталган жайда отурган өтүкчүлөрдүн ичинде 30 жылдан бери ушул кесип менен алектенип келе жаткан Али Татароглы жана Зия Караибрагимов кардарлар арасында кеңири таанымал.

Ал эми Яшар Левентоглы бул тармакта 35 жалдан бери эмгектенип, бүтүндөй өтүкчүлөр династиясын негиздеген. Анын бардык балдары атасынын жолун жолдоп өтүкчү болушкан. Ал тургай кызы Гүлмира да ушул кесипти тандап алды.

Өтүкчүлөрдүн айтымында, Гүлмира өлкөнүн түштүк аймагындагы жалгыз өтүкчү аял.

Левент оглынын 29 жаштагы уулу Айдемир 16 жашынан бери бул кесип менен алектенип келет. Анын устаты—атасы.

Айдемир билдиргендей, ал бут кийимдин бардык түрлөрүн оңдой алат.

«Бут кийим оңдоо—оор жумуш, бирок элге керектүү кесип. Кардар оңдолгон бут кийимин алып, сүйүнүп бара жатканын көрүү бизге абдан жагымдуу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×