Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусуКара-Суу району 14.09.2015 10:06

Айыл турмушу: Кара-Суу районунда жаратылышы кооз айылдардын бири—Ишкаван (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ишкаван айылы райондогу жаратылышы эң кооз айыл, деп маалымдайт аталган айылдын жашоочуларынын жашоо-турмушу, айылдын жаратылышы менен таанышкан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Аталган айылдын жашоочулары айыл-чарба жумуштары, мал багуу жана эгин айдоо менен тиричилик кылат.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, бул жерде таза суу көйгөйү бир да жаралган эмес. Ар бир үйдүн короосунда бирден таза суу түтүктөрү бар.

Айылдыктар негизинен жүгөрү, картошка, буудай, помидор, дарбыз жана коон өстүрөт. Ишкаван айылында жайкысын аба ырайы ысык болуп, күн жакшы тийгендиктен түшүм мол болот.

Аталган айылдын кичинекей тургуну Айбек Сарыбаев билдиргендей, бул жерде жайкы эс алуу абдан көңүлдүү өтөт.

«Айлана чөйрө табийгый кооз болуп турат. Шаардын ызы чуусу, унаалардын үндөрү жок, тынчтык. Бирок, ар бир жарандын өзүнүн унаасы болуш керек», - деди Айбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×