Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.09.2015 12:41

Айыл турмушу: Үналгынын коштоосунда сүйүктүү кесибим менен алектенип, күндүн кандай өткөнү билинбей калат, - Караколдун тургуну А.Маркаев (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын Москва-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бут кийим оңдоочу жайдын ээси Айтакур Маркаев 25 жылдан бери өтүкчү болуп  иштейт.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын туруктуу кардарлары өтө көп. Алар Караколдон эле эмес, Ак-Суу, Түп, Тоң райондорунан бери келишет.

Ал өтүкчүлүктү Капан,  Ырысбек аттуу элет тургундарынан үйрөнгөн. «Алар өздөрү эле тубаса таланттуу адамдар болгон. Алардан бут кийим оңдогонду үйрөнүп, тейлөө үйүндө бут кийимдерди тигип иштедим. Кийин эт комбинатында да бут кийимдерди тигүүчү цехте эмгектенгем. Союз убагында биз тиккен бут кийимдер Магаданга  чейинки чет мамлекеттерге жөнөтүлчү. Советтер Союзу  тарагандан кийин күркөө сатып алып, ушул жерде бут кийим оңдоп акча таба баштадым», - дейт өтүкчү.

«Бул жерден тапкан акчам үй-бүлөмдү бакканга жетет. Азыр кайсы мамлекеттин бут кийими жакшы экенин да билбейсин. Көп эле адамдар бут кийимдердин бат жыртылганын айтып, даттанышат. Учурда көбүнчө америкадан чыгарылган бут кийимдерди макташат экен», - дейт ал.

Ал өзү жумушка таң эрте келет. Анткени жамап-жаскай турчу бут кийимдер көп. Анын айтымында, өзү бут кийим көп жыртпайт, бирди алып койсо,  бир нече жылга жетет. Себеби, убактысы дээрлик ушул күркөөдө өтүп, көп жол баспайт. «Үналгынын коштоосунда сүйүктүү кесибим менен алектенип, туруктуу кардарларым келип турганда күндүн кандай өтүп кеткени да билинбей калат», - дейт А.Маркаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×