Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусуСузак району 11.09.2015 16:44

Айыл турмушу: Сузактын тургуну Ж.Жолдошбаев 40 жылдан бери бал аары багуу менен алектенет

Turmush -  Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Жазы-Кечүү айылынын жашоочусу Жалил Жолдошбаев 40 жылдан бери бал аарылар багуу менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ж.Жолдошбаевдин айтымында, бул кесипти ал Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик-техникалык окуу жайды бүткөндөн кийин 1975-жылы 90 балчелек менен баштаган. Азыр анын бал челеги 300гө жетти.

Айылдаштарынын айтымында, ал өз аарыларын Күрөбөс, Көк-Арт сындуу бийик тоолуу жайлоолордо багат жана башкаларга окшоп балга кумшекер кошпойт.

Ошондуктан анын өстүргөн балы тазалыгы менен айырмаланып, күн мурунтан заказ бергендер сатып алып кетишет.

Быйыл ал ар бир бал челектен 30 килограммдан 50 килограммга чейин бал алды. Кээде Жалал-Абаддын базарында балдын килограммын 200 сомдон сатат.

Ал балчелекчиликти жубайы экөө өстүрүп-чоңойткон төрт уулуна да үйрөтүп койгон. Төрт уулу тең азыр ата кесибин улантышууда.

38

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×