Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 11.09.2015 15:19

Айыл турмушу: Таластын тургуну Э.Берик уулу салбуурун мелдешине катышуу үчүн тайгандарын даярдоодо (фото)

Turmush -  Талас районунун Долоно айыл аймагынын 24 жаштагы тургуну Берик уулу Эрмек бала кезинен ит багууга кызыгат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Берик уулу Эрмектин айтымында, буга чейин ал иттерди багып келген. 2014-жылдан бери кыргыз тайганын жана чолок куйрук тайганын багууда.

«Бүгүнкү күндө Акбилек жана Актаман деген эки тайганым бар. Келечекте салбуурун боюнча мелдештерге катышсам деген тилегим бар», - дейт ал.

Ошондой эле, ал тайгандарын көбөйтүү максатында тааныштарына атайын буйрутма берген.

«Эгер жакшы күчүктөр болсо, аны кичинекейинен тарта үйрөтөбүз», - дейт тайганчы Эрмек.

Учурда мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенген Эрмек тайгандарын өзү менен кошо алып жүрүп үйрөтөт. Мергенчиликке чыгып, тайган агытат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×