Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 11.09.2015 19:49

Айыл турмушу: Бишкек—Баткен жолундагы чайкананын ээси А.Тешебаев мөңгү суусунан күнүнө 500 чайнек чай демдейт (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Торговый аймагында чайкана иштеткен тургун Аман Тешебаев күнүнө 500 чайнек чай демдейт. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Ал чайды даамдуу кылып демдөөнүн сырларын терең өздөштүргөн. Анын айтымында, электр плитага кайнатылган чай менен көмүрдүн отуна кайнатылган чайдын айырмасы бар. «Ошондуктан жол алыс болуп, баасынын кымбат экендигине карабастан Сүлүктү көмүрүнө буюртма беребиз. Жолоочулар атайын келип, мен демдеген чайдан ичип кетишсе, айрымдары термосторуна да куюп кетишет. Чай адамга күч-кубат берет. Биз чайды Көк дарыясынын мөңгү суусунан кайнаткандыктан анын даамын көпкө чейин эстеп калышат», - дейт чайкананын ээси.

Аталган чайкана Бишкек—Ош—Баткен жолунун боюнда жайгашып, күнү-түнү ага келип чай ичкендердин катары үзүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×