Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.09.2015 19:10

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Г.Дектяревдин үйүндөгү лимон дарагы 30 жылдан бери мөмө байлап турат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 66 жаштагы тургуну Генадий Дектярев 30 жылдан бери үйүндө лимон дарагын өстүрөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Г.Дектяревдин айтымында, үйүндөгү лимон дарагы 30 жылдан бери жыл сайын мөмө берет. Мындан 30 жыл мурун базардан кичинекей көчөтүн сатып алып, үйүнө олтургузган. Ошол бойдон бир да жолу куурап же ооруган эмес. Дайыма жашыл болуп өсүп турат.

«Мен бош убактымда гүл өстүрүү менен алектенем. Лимон дарагын чын жүрөгүм менен балага кам көргөндөй эле карайм. Ошол себептен 30 жылдан ашык өмүр сүрүп, мөмөлөп жатса керек. Жыл бою мөмө байлайт. Азыркы көгөрүп байлаган мөмөсү 10 айдан ашык убакытта саргайып, бышып жетилет. Бышканда өзүм үзөм, айрымдары өздөрү түшүп калат», - деди ал.

Мындан сырткары, ал малина, карагаттын жалбырагын жана түрдүү тамак-ашка кошулуучу жашыл чөптөрдөн кышкыга кургатып алат. Ошондой эле ал, ден соолугун чыңдоо үчүн үйүнүн ичине булчуңдарды чыңдоочу атайын жабдык орнотуп алган.

Г.Дектярев кесиби боюнча айдоочу. 1971-жылы Россиянын Челябинск облусунан, Уралдан көчүп келген. Учурда пенсионер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×