Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.09.2015 10:43

Айыл турмушу: Караколдук саяпкер Н.Сурабаев орус ээрлерин мыкты жасагандыгы менен таанымал (фото)

Turmush -  Каракол шаарында саяпкер болуп эмгектенген Руслан Сурабаев орус ээрлерин мыкты жасагандыгы менен таанымал.

Ал Turmush басылмасынын кабарчына билдиргендей, ал шаардагы ат майданында күлүктөрдү таптайт. Аны менен катар, устачылыкка шыктуу болгондуктан аттарга така жасап, буюртма берген жерлерге барып, ат такалайт. Бул кызматын 600 сомго баалайт. Ошондой эле, ээр жасоо менен алектенет.

Анын айтымында, ал жасаган ээрлерди Ысык-Көл облусунда жашагандар гана эмес, Нарындан жана Казакстандан да кардарлар келип сатып алышат.

«Мен ээр жасаганды агам Авен Сурабаевден үйрөнгөм. Ага жардам берип жүрүп, ээр чапканды үйрөндүм. Мен орус ээрлерин жасаганга көбүрөөк ыктайм, ал эми агам кыргыз ээрлерин жасайт. Ал жасаган ээр токумдар 30 миң сомдон жогору бааланат. Ал эми мага орус ээрлерди жасоодо жубайым Майрамкүл Керимжанова жардам берет. Ал ээр токумдун терисин тигүү машинасы менен тигип берет. Былтыр Нарындан буюртма алып, жубайым экөөбүз 200 орус ээрин жасап бергенбиз. Ушундай сунуштар түшкөндө жакшы киреше табабыз» , - деди Р.Сурабаев.

Айыл турмушу: Казак туугандар жоргомду 4 миӊ долларга сурады, бирок саткан жокмун, - саяпкер Н.Сурабаев (фото)

24

23

22

21

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×