Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 10.09.2015 19:41

Айыл турмушу: Ош шаарындагы устанын «темир гүлдөрү» (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 40 жаштагы тургуну Шакир Заидов темирди түрдүү ийге келтирип, андан көркөм буюмдарды жасайт. Мен бул өнөрдү шаардагы темир устадан үйрөнгөм, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, темирден бардык татаал буюмдарды жасай алат. Бир буюмду жасоого анын көркөмдүгүнө жана татаалдыгына жараша убакыт сарпталат. Татаал эмес темир буюмдарын 1 саатка жакын убакытта жасайт.

«Темир буюмдар анын көркөмдүгүнө, көлөмүнө жараша 55 сомдон 200 сомго чейин бааланат. Бул буюмдарды үйлөрдү кооздоого, тосмолор үчүн, дубал, дарбаза, селкинчектер үчүн колдонушат. Бул кесипти балачагымдан жактырып жүрүп, эми өзүм жактырган жумуш менен алектенүүдөмүн», - деди Ш.Заидов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×