Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 10.09.2015 13:11

Айыл турмушу: Ак-талаалык ишкер А.Нуралиев үй куруучуларды курулуш материалдары менен камсыздап, жумуш орундарын түзүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында жашап жаткан Азамат Нуралиев пескоблок өндүрүүчү чакан цехи менен жердештерине кызмат кылууда. Ишкер 270 миң сомго атайын жабдыктарды алып, аталган ишмердүүлүктү баштаган.

Учурда өзүнөн башка дагы 2 адам жумуш орду менен камсыз болгон цехте пескоблоктун 3 түрү өндүрүлөт. Көпчүлүк учурда атайын буюртмалар түшөт.

«Учурда иш жакшы жүрүп жатат. Күнүнө 1 миңден ашык пескоблок чыгарабыз. Буюртмалар менен иштегендиктен алардын саны ар кандай болот. Учурда пескоблоктун 3 түрүн чыгарып, бир даанасын 25 сомго баалап жатабыз», - деди А.Нуралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×