Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуБаткен району 10.09.2015 12:45

Айыл турмушу: Лейлекте 90 жаштагы аксакал чайканадан көк чай ичип, шахмат ойноп эс алат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылынын тургуну Анакыз Максеитова мындан 40 жыл мурун курулган чайкананы иштетип келет. Бул чайкана кыргыз, тажик улуттар аралашып жашаган айыл тургундарынын ынтымактуу жашоосуна өбөлгө болот, дейт Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, чайканада көп түрдүү тамак-аш жасалып, ысык чай менен берилет. Мындан сырткары кыргыз, тажик улутундагы аксакалдар чай үстүндө шахмат ойноп, чер жазганды адатка айланткан.

«Бул айылда кыргыз, тажик улутундагы жарандар аралашып жашайбыз. Кудай сактасын, эки улут арасында жаңжал болгон эмес. Чайканага эл көбүнчө жай мезгилинде көп келет. Каалаган тамагына буюртма берип, көк чай ичип, шахмат ойноп кетишет», - деди А.Максеитова.

Ал эми чайкананын мейманы, 90 жаштагы Махамад Турдубаев бул чайкананын 40 жылдан берки туруктуу кардары. Мында тамактанып, шахмат ойноо мага ырахат тартуулайт, деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×