Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.09.2015 18:01

Айыл турмушу: Өзгөчө көшөгөлөрдү тигүү менен таанылган уз П.Алимбекова ала-букалык кыз-келиндерди кошо чеберчиликке үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Буканын Көк-Таш айылынын тургуну Парида Алимбекова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Анын уз кесибине ээ болушуна апасы Шекер Назарматова себепкер болгон. Айылда кол өнөрчүлүгү менен таанылган жалгыз чебер Парида айым жакында эле Бишкек шаарында өткөн III эл аралык эпостор фестивалында боз үйдү жасалгалап, сынакка катышып келди. Алимбекова мындан кийин дагы чоң масштабдагы фестивалдарга катышуу аракетин көрүүдө.

Парида Алимбекова өзүнүн уз-чеберчилигин өз кыздарына үйрөтүү менен алек. «Андан сырткары айылда чеберчиликке кызыккан кыздарга өз өнөрүмдү үйрөтүп келе жатам», - дейт ал.

«Мен мындан 10 жыл мурда кол өнөрчүлүк менен алектене баштагам. Бул кесибим мага апамдан калган. Чеберчилик боюнча атайын билим алган эмесмин. Апамдын жасалгалап тиккен боюмдарын көрүп жүрүп эле үйрөнө баштагам. Андан кийин өз алдымча аракеттерди жасап, ар түрдүү кийимдерди, көшөгөлөрдү тигип жүрдүм. Аракет кылып өз оюмдагы мыкты жасалгалуу төшөк жаздыктарды тигип келем», - дейт ал.

Парида Алимбекова Көк-Таш айылында атайын чеберчиликке кызыккан айымдарга да өз өнөрүн үйрөтүп келет. Мындан сырткары айылдагы 3 айымга жумуш ордун түзүп берген.

«Айылга атайын чеберчилик менен алектенүү үчүн цех ачкам. Ал жерде 3 айым менен кошо өзүм дагы иштейм. Ал цехте атайын кыздардын себин, көшөгө, боз үйдүн жасалгасын, оймо-чиймелерди түшүрүп, кийимдерди тигебиз. Андан сырткары, өзгөчөлөнгөн бирок унутулуп бараткан оймо-чиймелүү көшөгөнү даярдап жатабыз», - деди П.Алимбекова.

Чебер айым жыл сайын 200 миң сомго жакын киреше алат.

«Менин жолумду эки кызым улап келе жатат. Алар дагы колдорунан келишинче аракет кылып чеберчиликти үйрөнүп жатышат. Чеберчилик кыздар үчүн эң жакшы кесиптердин бири болуп саналат. Чеберчилик менен бир үй-бүлөнү бакса да болот. Мен кыздарым менен биргеликте жыл сайын 200 миң сомдун тегерегинде каражат табам», - деди ал.

Парида Алимбекова азыр 44 жашта, 2 кыз 1 уулдун апасы. Ал кол өнөрчүлүк менен дүйнөлүк фестивалдарга катушуунун аракетин көрүп келет. Уз- чеберчилик менен алектенген айым азыркы учурда райондогу мыкты көшөгөлөрдү тиккен айым катары таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×