Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 10.09.2015 11:30

Айыл турмушу: Кара-Буурадагы ширетүүчү М.Шатманов 24 жылдан бери чек арадагы кайнарлыктардын кызматында (фото)

Turmush -  Казакстан менен чектеш жайгашкан Кара-Буура районундагы Кайнар айылынын тургуну Марат Шатманов 24 жылдан бери ширетүүчү болуп эмгектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кайнар айылындагы 240 кожолукта 1600 адам жашайт. Айыл райондун борбору Кызыл-Адырдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жергиликтүү тургундар техникалык оңдоолор үчүн райондук борборго барып убара болбойт. Себеби, чебер уста М.Шатманов баардык кызматты өзү көрсөтөт.

Устанын атайын иштөө графиги жок. Айыл тургундары кайсыл убакта кайрылса дагы ал өзүнүн иштөөчү бөлмөсүн ачууга даяр.

М.Шатманов Военно-Антоновкадагы окуу жайда 6 ай билим алгандан кийин 1991-жылдан тарта жыгач уста, ширетүүчү, темир уста болуп иштеп келет. Ага комбайн жана жеңил унаанын айдоочулары жада калса үй кожойкелери дагы жардам сурап кайрылышат.

Учурда М.Шатмановдун 2 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×