Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.09.2015 08:52

Айыл турмушу: Кара-көлдүк жубайлар бир сезондо бадыраңды эки жолу айдап, мол түшүм алышты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылынын тургундары, жубайлар Токтогул Мейманов менен Гүлнара Шүкүралиева дыйканчылык менен алектенишип, быйыл мол түшүм жыйнашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Меймановдун айтымында, анын 1,5 гектар жери бар. Быйыл анын 30 сотых жерине помидор, бадыраң айдаган. Мындан тышкары, ал багбанчылык менен да алектенет. Бакчасында мөмө-жемиштин түрүн өстүрөт.

«Быйыл бадыраңды бир сезендо эки жолу айдап, мол түшүм алдым. Жашылчанын баарын базарга алып чыгып, жубайым экөөбүз сатабыз. Өзүбүз кышкыга салаттарды жасайбыз. Быйыл жашылча-жемиштерди сатуу менен 30 миң сом пайда көрдүк», - деди ал.

Алар учурда 7 балага тарбия берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×