Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.09.2015 17:49

Айыл турмушу: Караколдо кайыр сурагандар кээде 3 күндөп тамак жебей калышат (фото)

Turmush -  Караколдо кайыр сурагандар күнүгө 200 сомго чейин акча чогултушат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына кайыр сураган адамдар билдиришти.

Өзүн Жаңылмын деп тааныштырган айым: «Күн сайын шаарды айланып, 50 сомдон 200 сомго чейин акча чогултабыз. Ал акчага нан, арак алабыз. Кээде акча жетпей калганда 3 күндөп тамак ичпей калган учурлар болот. Кайыр сурап калганыбыз — тагдырдын жазмышы», -дейт ал.

Кайыр сурагандар көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөлөрүндө күн кечиришет. Алар үчүн кышкы мезгилде кыйынчылык болорун айтышат. Шаар бийлиги 2012-жылы «Үмүт» кайрымдуулук үйүн ачып, селсаяк адамдарды кабыл алышкан. Бирок эл аралык уюмдар каржылоону токтоткондон бери аталган борбор жабылып калган.

Каракол шаарынын вице-мэри Г.Орозова: «Учурда «Кызыл ай» коому менен сүйлөшүп, демөөрчүлөр болсо, борборду кайрадан ачып, мындай адамдарды ишке тартуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылуудабыз», - дейт.

Белгилей кетсек, Каракол шаарында он чакты селсаяк бар. Алардын эң улуусунун жашы 52де болсо, эң кичүүсүнүн жашы 25 жаштан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×