Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу 09.09.2015 17:19

Айыл турмушу:Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо-Сүт» кооперативи 90дон ашык айылдан сүт кабыл алып, аны кайра иштетет (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо-Сүт» кооперативи облустун 4 районунун 90дон ашуун айылынан сүт кабыл алат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына кооперативдин жетекчиси К.Конокбаев билдирди.

Аталган ишкана 2012-жылы уюшулуп, учурда 130 жумушчу эмгектенет.

«Биз жергиликтүү тургундардан жайкысын эки, кышкысын бир маал сүт алабыз. Учурда сүттү алардан 15 сомдон сатып алабыз. Ал эми кышкысын сүттүн баасы мындан жогору болуп, базар баасына жараша өзгөрүп турат. Күнүгө 45 тонна сүт кабыл алып, андан бир катар азыктарды даярдайбыз. Бажы биримдигине кошулуубуз өндүрүш тармагы үчүн пайдалуу. Эми биздин продукциялар чет өлкөлөргө чыгарыла баштайт. Андыктан биз да сүттүн баасын жогорулатабыз. Учурда ишкананы кеңейтүү жаатында аракеттер көрүлүүдө», - деп билдирди К.Конокбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×